АКИpress - 23-мартта алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
13-мартта милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ал сатуу шарты менен «KIA Sportage», «BMW X7» жана «Lexus 570» үлгүсүндөгү үч унаасын өткөрүп берген. Кийинчерээк унаалар сатылган, бирок акчасы ээсине кайтарылган эмес.
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1984-жылы туулган Б.Н. аттуу шектүү кармалды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал эки айга 21-тергөө абагына камакка алынды.
Тергөөнүн алкагында кармалган жаранга карата ушул сыяктуу башка кылмыштар боюнча да арыздар бар экени аныкталган. Укук коргоо органдары жабыркагандар көп болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Буга байланыштуу милиция шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 56-30-96, 0 (507) 61-82-47 же 102.