00:14, 24-март, 2026

Кыргызстандын футболчулары тажикстандык атаандаштарын утту

На русском
16:04, 23-март, 2026 369

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-16) Бишкекте өтүп жаткан эл аралык турнирди жеңиш менен баштады.

Төрт команданын катышуусундагы «Talents Cup» турнири 20-мартта башталган.

Биринчи турда Игорь Кудренконун жетекчилигиндеги Кыргызстан курамасы Тажикстандын командасына каршы ойноп, 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Алымбек Исаев эки гол киргизсе, Баяман Таштемиров дагы бир голду жаратты.

Бирок экинчи турда кыргызстандыктар Казакстанга 0:1 эсебинде утулуп калышты.

Турнирдин акыркы оюндары 24-мартта өтөт. Кыргызстан курамасы Өзбекстан менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»