16:56, 23-март, 2026

Журналист Махабат Тажибек кызы эркиндикке чыкты

На русском
14:53, 23-март, 2026 390

АКИpress - 23-мартта Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш иши боюнча угуу өттү, деп билдирди «АКИpress» редакциясына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы.

Анын жолдошу Болот Темировдун айтымында, Тажибек кызы эч жакка кетпөө чарасы менен кое берилди.

2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту 11 журналистке карата өкүм чыгарган.

Атап айтканда, Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага 6 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.

10-мартта Жогорку сот эки инстанциянын чечимдерин жокко чыгарып, жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра Ленин райондук сотуна жөнөткөн. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»