АКИpress - Бишкек шаарынын Октябрь районунун муниципалдык администрациясы тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы жол куруу боюнча тендер жарыялады.
Келишимдин болжолдуу суммасы 145 млн 766 миң 793 сомду түзөт. Сунуштар 2-апрелге чейин кабыл алынат.
Тендердик лоттордун тизмеси:
Кырман конушу: Анкара көчөсүнүн Аэузов көчөсүнөн Рухий-Мурас №8 көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо — 14 млн 7644 сом;
Горький көчөсү: Байтик баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо — 18 млн 697 миң 995 сом;
Аалы Токомбаев көчөсү: Байтик баатыр көчөсүнөн 12-кичи районундагы «Айша» мечитине чейинки тротуарларды капиталдык оңдоо — 50 млн 589 миң 828 сом;
Алтын-Ордо конушу: Алтын-Ордо №18 көчөсүндөгү (№1 көчөдөн №9 көчөгө чейин) жолду куруу жана ушул эле көчөнүн тротуарын капиталдык оңдоо — 62 млн 471 миң 326 сом.