13:52, 23-март, 2026

Кыргызстанда сутка ичинде 30 өрт катталды

На русском
12:12, 23-март, 2026 203

АКИpress - Кыргызстандын аймагында өткөн сутка ичинде 30 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 35 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттөр:

  • Чүй облусунда — 12,
  • Ысык-Көл облусунда — 6,
  • Ош облусунда — 4,
  • Бишкек шаарында — 3,
  • Баткен жана Талас облустарында —  2ден,
  • Ош шаарында — 1.

Бишкек шаарындагы учурлар:

Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган дүкөндүн 50 чарчы метр жыгач полу жана таштандылар күйгөн. 

Аламүдүн айылынын Гагарин көчөсүндө 10 сотых аянтта куураган чөп өрттөнгөн.

Кулиев көчөсүндө ачык аянтта 1 гектар куураган чөп күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»