АКИpress - Кыргызстандык «Локомотив-Манас» велокомандасы Словенияда өткөн мелдеште күмүш медалга ээ болду.
«Grand Prix Slovenia Istria» мелдеши 22-мартта Изола шаарында өттү.
«Локомотив-Манас» командасынын спортчусу Влас Шичкин 2-орунду ээледи, ал финиште италиялык Николо Бураттиден артта калды.
Ошондой эле мелдешке «Локомотив-Манас» командасынын мүчөлөрү Егор Егошев (9-орун), Илья Савекин (11), Марк Крючков (36) жана Виктор Бугаенко (62) да катышты.