16:54, 23-март, 2026

Кара-Балтадагы таанышуу өлүмгө алып келди

На русском
11:26, 23-март, 2026 728

АКИpress - Киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды, деп билдирди Чүй облусунун милициясы.

22-мартта Жайыл районунун милициясына Кара-Балта шаарындагы «Түштүк» дача  аймагынан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Сөөк 15-20 см тереңдикке көмүлгөн.

Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн аныкташты. Ал 1993-жылы туулган Б.Н. болуп чыккан.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, 19-мартта жергиликтүү тургун үч киши менен таанышкан, алардын арасында каза болгон адам да болгон. Алар баңгизат колдонуп, ал ортодо чыр чыгып, мушташ болгон. Экөө качып кетишкен, ал эми шектүү маркумду сабап, андан соң такси менен өзүнүн дачасына алып кеткен. Ал жерде маркумду кайра сабаган. Кылмышты жашыруу максатында сөөктү жерге көмүп, кийимдерин ыргытып жиберген.

Шектүү катары 1988-жылы туулган Д.Р. кармалды. Милициянын маалыматына ылайык, ал 2014-жылдан бери психиатрдын көзөмөлүндө турат.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»