АКИpress - Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын №4, №129 контурларындагы жалпы аянты 13,20 га болгон сугат жер «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулду. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы кол койду.
Бул чечим Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер базасын куруу үчүн кабыл алынды.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) жер-укуктук документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) жогоруда аталган жер тилкесин максаттуу пайдалануу;
3) Кыргыз Республикасынын архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) жогоруда аталган жер тилкеси колдонулбай калган учурда же максаттык багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүү;
5) жер тилкеде тарыхый-маданий мурас объектилери табылган учурда аларды сактоо жана коргоо, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл үчүн археологду тартуу;
6) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткаруу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо;
8) долбоордук жана курулуш иштеринин алгачкы этабында Кыргыз Республикасынын авиация чөйрөсүндөгү актыларды сактоо.