АКИpress - Бишкекте Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө реконструкциядан кийин ачылды, деп билдирди мэрия.
Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метрди түзгөн. Жаңылоонун натыйжасында көпүрө кеңейтилип, туурасы 34,3 метрге, узундугу 25 метрге жетти.
Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен реконструкцияланып, тилкелердин саны көбөйтүлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган.
⛶