20:48, 22-март, 2026

23-мартка карата аба ырайы

16:57, 22-март, 2026 537

АКИpress - 23-мартка карата аба ырайынын болжолу.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Ошондой эле Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык зонасында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +15…+20°

Талас облусу: түнкүсүн +2…+7°, күндүз +12…+17°

Баткен облусу: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +14…+19°

Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +14…+19°

Ысык-Көл облусу: түнкүсүн -3…+2°, күндүз +10…+15°

Нарын облусу: түнкүсүн -1…-6°, күндүз +6…+11°

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +6…+8°, күндүз +17…+19° болот.

Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…+2°, күндүз +10…+12°.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»