04:23, 21-март, 2026
Учурда окулуп жатат
08:31, 20-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

Бишкек—Күнтуу—Шопоков жолун реконструкцияланып жатат, - Транспорт министрлиги

На русском
17:33, 20-март, 2026 380

АКИpress - Бишкек—Күнтуу—Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 0–3,9-чакырым тилкеде жөө адамдар өтүүчү бөлүктүн чектери орнотулуп жатат. Ошондой эле, тротуардын Күнтуу айылындагы бөлүгүнө асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө.

Күнтуу айылынан Токбай айылына чейинки аралыкта жолдун негизин бекемдөө (төшөмө куруу) иштери жүрүүдө. Ал эми Токбай айылынан Кара-Сакал айылына чейинки тилкеде аймакты тазалап, дарактарды кыюу иши жүргүзүлүүдө.

Долбоор «Мамлекеттик капиталдык сарптоолор» беренеси боюнча ишке ашырылып, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №1 Жол курулуш башкармалыгы (ЖКБ №1) тарабынан аткарылууда.

Маалымат үчүн:

Унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. 2025-жылы 6,7 чакырым тилкеге биринчи катмар асфальт-бетон төшөлгөн.

Долбоордун алкагында жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, жөө адамдар өтүүчү бөлүгүн куруу, заманбап жарыктандыруу системасын орнотуу, ошондой эле кыйылган дарактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу каралган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»