09:08, 18-март, 2026

Бишкекте Нооруз кандай белгиленет? Майрамдык программа

На русском
10:25, 17-март, 2026 376

АКИpress - 21-мартта Бишкек шаарынын райондорунда Ноорузга арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов районунда майрам Кара-Жыгач токоюнда  саат 12:00дөн 16:00гө чейин өтөт. Бул жерде улуттук боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин салттары жана турмушу көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамааттар менен диаспоралардын катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, спорттук мелдештер, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлөт.

Октябрь районунда майрамдык программа «Ынтымак-2» сейил багында уюштурулат. Бул жерде «Шайыр Балалык» балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда концерт өтөт. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар — шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, дартс, эстафета, футбол жана волейбол уюштурулат. Мындан тышкары, чыгармачылык мастер-класстар, көргөзмөлөр жана балдар менен чоңдор үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ленин районунда иш-чаралар «Газпром» спорт комплексинин аймагында саат 14:00дөн башталат. Бул жерде концерттер, улуттук каада-салттарды көрсөтүү, боз үйлөрдөн турган этно-шаарча, тематикалык көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле «Ашар» паркында саат 15:00дө боз үйлөр тигилип, этно-фуршет, спорттук оюндар жана маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.

Биринчи май районунда майрам Ак-Босого конушунда өтөт. Бул жерде салттуу боз үйлөр тигилип, элдик оюндар уюштурулат, каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле келген конокторго улуттук тамак-аштар сунушталып, жаздын жаңылануусун жана меймандостукту чагылдырган майрамдык маанай жаралат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»