09:23, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
09:00, 20-март, 2026 (7 адам окуп жатат)
Эски аянттагы айт намаз жыйынтыкталды
12:11, 18-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Лейлекте депутат камакка алынды: Иштин чоо-жайы

Сайра Ызакова юстиция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

На русском
17:34, 19-март, 2026 800

АКИpress - Ызакова Сайра Темирбековна юстиция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал юстиция министринин орун басары кызматын аркалап келген.

Ызакова Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

Кесиптик жолун 2010-жылы баштап, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында адистен тартып профилдик башкармалыктардын жетекчисине чейинки тепкичтерди басып өткөн.

Ал ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү, мамлекеттик укуктук саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү багыттарын жетектеген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»