03:16, 21-март, 2026
Учурда окулуп жатат
08:31, 19-март, 2026 (1 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

Өлкө аймагындагы эски аялдамалар жаңыртылат

17:29, 19-март, 2026 782

АКИpress - Өлкө аймагындагы эскирген аялдамалар заманбап аялдамаларга алмаштырылат, деп маалымдады Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы. Маалым болгондой, мындай тапшырманы министр Талантбек Солтобаев берген.

«Көп аялдама дээрлик эскирди. Айрымдары союз мезгилинде курулган. Конструкциялары эскирип, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албай калган. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды баскыч менен жаңылап, заманбап аялдамаларга алмаштыруу иши башталды.

Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын "Өндүрүштүк-инновациялар борбору" иштеп чыгууда. Жаңы аялдамалар жакынкы убакытта пайдаланууга берилмекчи», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»