05:30, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
18:54, 18-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

На русском
16:19, 19-март, 2026 927

АКИpress - Бүгүн, 19-мартта президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кеңешмеде Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын фонунда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандын стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти. 

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»