21:53, 19-март, 2026

Бир катар жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоду

На русском
17:18, 19-март, 2026 426

АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы 18-марттагы жыйынында Майлуу-Суу, Талас, Айтматов, Ноокат жана Кара-Суу райондук жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошондой эле, аларды тизмеден чыгаруу жана бошогон мандаттарды кийинки талапкерлерге берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты, «Эл биримдиги» фракциясынын мүчөсү Темирова Гулипа Мамыровнанын ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат кийинки талапкер Мырзасапарова Тумаркан Алишеровнага берилди;

Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңешинин депутаты Байтиков Марат Каныбековичтин ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулду;

Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Качиев Батыркул Эшембековичтин ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат Сыдыкова Динара Токтогуловнага берилди;

Ноокат районунун А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин депутаты Мирзахамдамова Наргизахон Миркабиловнанын ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат Раймжанова Гүлмирахан Кадырбековнага берилди;

Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин депутаты Авазова Айгүл Авазовнанын ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат Балтабаева Канзадабү Муктаржановнага берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»