02:02, 20-март, 2026

Чаекте 2,35 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

На русском
15:44, 19-март, 2026 1063

АКИpress - Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тактап айтканда, айыл өкмөттүн кызматкерлери 2022–2023-жылдары жарандардын арыздарысыз, кезектүүлүктү сактабай, калктуу конуштар аймагынан жалпы аянты 2,35 гектар болгон жер тилкелерин жарандарга мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкен. 

Аталган факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»