АКИpress - Министрлер кабинети Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42 дарегинде жайгашкан, аянты 0,68065 га болгон жер тилкедеги бүтпөй калган курулушту эсептен чыгарууну тапшырды.
Картада бул объект курулуп жаткан 3 кабаттуу имарат катары көрсөтүлгөн.
2024-жылы Министрлер кабинети аталган жерди «Менин үйүм 2021-2026» программасына берилүүчү жер тилкелердин тизмесине киргизген.
2026-жылдын 27-февралындагы №119-т тескемеге ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги объектти белгиленген тартипте эсептен чыгарууну камсыз кылууга тийиш.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» бүтпөй калган курулушту өз каражатынын эсебинен буздурушу керек.