05:06, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 19-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
18:54, 18-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Ош шаарында төрт эм төрөлдү
13:45, 19-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Каракол шаарында Айт намаз 14 мечитте окулат

Бишкекте ипотекалык батир үчүн Анкара көчөсүндөгү бүтпөй турган курулуш буздурулат

На русском
15:32, 19-март, 2026 701

АКИpress - Министрлер кабинети Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42 дарегинде жайгашкан, аянты 0,68065 га болгон жер тилкедеги бүтпөй калган курулушту эсептен чыгарууну тапшырды.

Картада бул объект курулуп жаткан 3 кабаттуу имарат катары көрсөтүлгөн.

2024-жылы Министрлер кабинети аталган жерди «Менин үйүм 2021-2026» программасына берилүүчү жер тилкелердин тизмесине киргизген.

2026-жылдын 27-февралындагы №119-т тескемеге ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги объектти белгиленген тартипте эсептен чыгарууну камсыз кылууга тийиш.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» бүтпөй калган курулушту өз каражатынын эсебинен буздурушу керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»