03:17, 20-март, 2026
Учурда окулуп жатат
14:36, 19-март, 2026 (6 адам окуп жатат)
Ташиев маалымат ачыктабоого милдеттенди
17:29, 19-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Өлкө аймагындагы эски аялдамалар жаңыртылат
08:31, 19-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Айт намаз эски аянтта өтөт

Бишкекте ипотекалык батир үчүн Анкара көчөсүндөгү бүтпөй турган курулуш буздурулат

На русском
15:32, 19-март, 2026 678

АКИpress - Министрлер кабинети Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42 дарегинде жайгашкан, аянты 0,68065 га болгон жер тилкедеги бүтпөй калган курулушту эсептен чыгарууну тапшырды.

Картада бул объект курулуп жаткан 3 кабаттуу имарат катары көрсөтүлгөн.

2024-жылы Министрлер кабинети аталган жерди «Менин үйүм 2021-2026» программасына берилүүчү жер тилкелердин тизмесине киргизген.

2026-жылдын 27-февралындагы №119-т тескемеге ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги объектти белгиленген тартипте эсептен чыгарууну камсыз кылууга тийиш.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» бүтпөй калган курулушту өз каражатынын эсебинен буздурушу керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»