АКИpress - Айт майрамына карата Бишкекте №38 жана №203 автобус каттамдары убактылуу бекер кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, эки каттамда жалпы 50 автобус саат 05:00дөн 12:00гө чейин жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт.
Айт намазы 20-март күнү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) өтөт. Иш-чаранын программасы төмөнкүдөй:
07:00–07:30 — Куран окуу
07:30–07:40 — Модератор: Шүкүр ажы Исмаилов
07:40–08:10 — Диний баяндар (Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев)
08:10–08:30 — Муфтийдин кайрылуусу жана намаз тартиби
08:20–08:30 — Сап түзөө
08:30–08:50 — Айт намазы жана дуба.