АКИpress - Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди суракка алуу уланууда.
19-март күнү эртең менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратына (ИИМдин Тергөө кызматы жайгашкан жерге) келген. Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жатат.