00:15, 20-март, 2026

Бишкектеги грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан кимдер катышат?

На русском
13:10, 19-март, 2026 304

АКИpress - Грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Азия чемпионатына катыша турган Кыргызстандын командасынын курамы белгилүү болду.

Турнир 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт. КР Күрөш федерациясы билдиргендей, команданын курамына 10 спортчу кирди.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы:

55 кг чейин — Улан Муратбек уулу

60 кг чейин — Курманбек Жапаров

63 кг чейин — Автандил Таалайбеков

67 кг чейин — Раззак Бейшекеев

72 кг чейин — Амантур Исмаилов

77 кг чейин — Акжол Махмудов

82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу

87 кг чейин — Асан Жанышов

97 кг чейин — Мелис Айтбеков

130 кг чейин — Роман Ким

Башкы машыктыруучу — Улукбек Карачолоков

Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев

Улук машыктыруучу (U-23) — Руслан Царёв.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»