АКИpress - Грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Азия чемпионатына катыша турган Кыргызстандын командасынын курамы белгилүү болду.
Турнир 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт. КР Күрөш федерациясы билдиргендей, команданын курамына 10 спортчу кирди.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы:
55 кг чейин — Улан Муратбек уулу
60 кг чейин — Курманбек Жапаров
63 кг чейин — Автандил Таалайбеков
67 кг чейин — Раззак Бейшекеев
72 кг чейин — Амантур Исмаилов
77 кг чейин — Акжол Махмудов
82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу
87 кг чейин — Асан Жанышов
97 кг чейин — Мелис Айтбеков
130 кг чейин — Роман Ким
Башкы машыктыруучу — Улукбек Карачолоков
Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев
Улук машыктыруучу (U-23) — Руслан Царёв.