03:41, 20-март, 2026

Дональд Трамп Иранга эскертүү берди

12:01, 19-март, 2026 967

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран Катарга чабуул жасаса АКШ «Түштүк Парс» газ кенин жардыра турганын билдирди.

Трамптын айтымында, буга чейин «Түштүк Парс» кенине жасалган чабуулдун артында Израил турат. Ал эми АКШ менен Катардын буга эч кандай катышы жок.

Трамп Иран Катардагы суюлтулган табигый газ өндүргөн заводду негизсиз жана адилетсиз түрдө аткылаганын белгиледи.

18-мартта Ирандын түштүгүндөгү «Эселуйе» жана «Түштүк Парс» мунай-газ өнөр жай объекттерине чабуул жасалган. Ирандын аскердик күчтөрүнүн өкүлү Тегеран Ирандын аймагына жасалган чабуулдарга жооп катары АКШ жана Израилдин энергетикалык инфраструктурасы талкаланарын эскерткен.

Бул чабуулдан кийин Иран Катардагы дүйнөдөгү эң ири суюлтулган табигый газ өндүрүү борбору Рас-Лаффанга чабуул жасап, «QatarEnergy» компаниясы жабыркаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»