00:34, 20-март, 2026

Ар бир экинчи соттук отурум кечигүү менен башталат, - Акыйкатчы институту

На русском
11:35, 19-март, 2026 410

АКИpress - Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сот органдарын жарандардын сотко жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана сот процесстеринин ачыктыгын камсыздоого чакырды.

Жарандардын арыздары менен 2025-жылдагы сот отурумдарын мониторинг кылуунун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн талдоодо сот системасындагы бир катар көйгөйлөр аныкталган. Алардын бири — сот отурумдарынын башталышынын кечиктирилиши, алардын бир нече жолу жылдырылышы жана токтотулушу.

Институттун маалыматына караганда, 2025-жылы сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын коргоого байланыштуу 816 арыз түшкөн. Көбүнчө арыздануучулар соттун чечимдери менен макул болбостугун билдиришкен. 

Мындан тышкары, 35 арызда жарандар соттордун аракеттерине же аракет кылбай жаткандыгына даттанган, 19 арызда болсо сот чечимдеринин аткарылбай жатканына даттанышып, сот аткаруучуларынын ишине укуктук баа берүүнү сурашкан. 572 арыз сот процесстерине мониторинг жүргүзүү боюнча даттануу болгон. Анын 57,8%ы кылмыш иштерине, 32,9% жарандык иштерге жана 9,6%ы административдик иштерге байланыштуу.

Жарандар көбүнчө сот отурумдарына көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү, процессуалдык кепилдиктерди жана ачыктыкты камсыз кылууну өтүнүшүүдө. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, байкоолордун 61,3%ы биринчи инстанциядагы соттордо жүргүзүлдү. Талдоо ар бир экинчи сот отуруму кечигип башталганын, 270 иштин 112си (41,5%) башка күнгө жылдырылганын көрсөттү.

Институт мындай көрсөткүчтөр сот ишинин уюштурулушундагы кемчиликтерди көрсөтүп, жарандардын укугун чектеп жатканын белгиледи. Сот отурумдарынын кечиктирилүүсүнө негизги себеп катары судьялардын иш менен жүктөлүшү, залдардын жетишсиздиги же ээлениши, ошондой эле катышуучулардын келбеши аталды.

Талдоонун жыйынтыгы менен акыйкатчы Жогорку Сотко сунуштарды жөнөттү. Анын ичинде сот отурумдарынын графиктеринин сакталуусун күчөтүү, иштерди убагында карап чыгуу, отурумдардын жылдырылышынын себептерин системалуу түрдө каттоо жана аларды жоюу боюнча чараларды кабыл алуу жана ошондой эле, бардык сот залдарын аудио жана видео жазуучу жабдуулар менен камсыздоо сунушталды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»