21:37, 19-март, 2026

Мурда төрага иш сапарларга өзүнүн беш-алты «баласы» менен эле барчу, - Маматалиев

На русском
10:21, 19-март, 2026 11086

АКИpress - Жашырганда эмне, мурда төрага чет өлкөгө жасала турган иш сапарларга өзүнүн беш-алты "баласы" менен эле барып келчү, деди Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 19-марттагы жалпы жыйында.

Анын айтымында, эми толук түрдө топтор өзү чечет.

«Топтордун өзү экономика жагы болсо экономика, экология болсо экология, юрист болсо юрист багытына өзүңүздөр тандап берип жатасыздар. Мен ойлойм, бул  — биздин парламенттин жаңы бир эрежелеринин бири, адилеттүүлүк, айкындык, ачыктык жана ошондой эле бөлүнбөгөн жол», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»