АКИpress - 2025-2026-жылкы футболдук сезондо Европанын Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык баскычына чыккан командалар аныкталды.
1/8 финалдагы жооптук беттештер 17-18-мартта өттү.
Португалиялык «Спортинг» Норвегиянын «Буде-Глимт» командасын утуп, кийинки баскычка чыкты. Лиссабондуктар биринчи оюнду 0:3 эсебинде уттурганына карабастан, жооптук беттеште негизги убакытта 3 гол киргизип, кошумча убакытта дагы эки гол жаратып, 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
«Ливерпуль» «Галатасарайга» конокто 0:1 эсебинде утулуп калгандан кийин, өз үйүндө 4:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке ээ болду.
«Тоттенхэм» Лондондогу жооптук беттеште «Атлетикону» 3:2 эсебинде утуп алганы менен, кийинки баскычка чыга алган жок. Биринчи оюнду мадриддик клуб өз үйүндө 5:2 эсебинде жеңген.
Ошондой эле чейрек финалга «Реал», ПСЖ, «Арсенал», «Барселона» жана «Бавария» командалары чыгышты.
1/4 финалдын алгачкы беттештери 7-8-апрелде, жооптук оюндар 14-15-апрелде өтөт.
Финалдык оюн 30-майда Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлөт.
Instagramдан көрүңүз