АКИpress - Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз орнотулган тосмолорду, жарнамалык конструкцияларды текшерүү жана тийиштүү аймактардын санитардык абалын текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Акимиаттын маалыматы боюнча, рейд Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында, Садыгалиев көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейинки тилкеде өттү. Анда белгиленген чек араларды бузуу менен тосмолор орнотулгандыгы аныкталды.
Рейддин жыйынтыгында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте төмөнкүлөрдү демонтаждады:
- мыйзамсыз орнотулган 16 тосмону;
- көрктөндүрүү талаптарына жооп бербеген 32 жарнамалык конструкция (баннерлер жана штакет конструкциялар).
Мындан тышкары, санитардык абалды бузгандыгы боюнча мэриянын муниципалдык инспекциясы МАБ менен биргеликте 3 административдик протокол түздү.
Рейдди Ленин акимиатынын кызматкерлери, Муниципалдык инспекция, МАБ жана «Тазалык» ишканасы менен биргеликте өткөрүштү.