13:35, 19-март, 2026

Ооганстан менен Пакистан убактылуу ок атышууну токтотушканын жарыялашты

На русском
11:15, 19-март, 2026 219

АКИpress - Пакистан менен Ооганстан Орозо айт майрамына жана мусулман өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен ок атышууну убактылуу токтотууну жарыялашты, деп билдирди шаршемби күнү пакистандык «Dawn» порталы.

«Жакындап келе жаткан мусулман майрамына жана бир тууган мусулман өлкөлөрдүн өтүнүчү менен Пакистан бийлиги Ооганстандагы террористтерге жана алардын жардамчыларына каршы жүрүп жаткан операциясын убактылуу токтотууну чечти», - деди Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар.

Ал белгилегендей, ок атышуу 19-24-март күндөрү токтотулат.

Ошол эле учурда эгер Ооганстан кандайдыр бир чабуул жасоого аракет кылса, ок атышуу дароо жанданат.

Көп өтпөй Ооганстан бийлиги да аскердик аракеттерди токтотуу ниетин билдирди. талибандардын өкүлү Забихулла Мужахид да бул чечим башка мусулман өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен кабыл алынганын белгиледи.

Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы аскердик жаңжал 22-февралда курчуду. Исламабад «Техрик-и-Талибан Пакистан» тобунун позицияларына сокку ургандан кийин, Ооганстанда бийликте турган «Талибан» кыймылы Пакистандын чек ара аймактарына чабуул баштады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»