АКИpress -
Министрлер кабинети Бишкектин Октябрь районундагы 0,96 гектар аянттагы жер тилкесин айыл чарба багытынан калктуу конуштардын жерине которду.
Тийиштүү токтомго 2026-жылдын 6-мартында кол коюлган.
Документке ылайык, бул № 21 контурдагы, жеке менчикте турган Д.М.Ж. аттуу жаранга таандык тилке айдоо жери болуп саналат.
Трансформациялоо коттедж шаарчасын жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн жүргүзүлдү.
Токтом 2026-жылдын 10-мартында «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган жана расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
⛶