22:41, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (165 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (115 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Кыргызстанда ветеринарлардын жетишсиздиги 50%га жетүүдө

На русском
19:32, 18-март, 2026 217

АКИpress - Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керектелет, ал эми учурда 1200 гана адис иштейт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана жер ресурстары министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют башкармалыгынын башчысы Абай Казаков радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айылдык башкармалыктардын саны 400дөн 235ке кыскарган.

Алардын ичинен 192сине ветеринарлар дайындалды, ал эми калгандары адистери жок калды.

Ал ветеринардык ыйгарым укуктардын бир бөлүгү, анын ичинде эмдөө иштери жеке ветеринарларга жүктөлгөндүгүн билдирди.

Учурда жеке ветеринарлар мамлекеттик же муниципалдык бюджеттен каржылоо алышпайт. Алардын кирешеси калктан алынган кызмат акысынан түзүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»