13:14, 19-март, 2026

Бир катар жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтоду

18:58, 18-март, 2026 571

АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,18-марттагы жыйынында Майлуу-Суу, Талас, Айтматов, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, аларды тизмеден чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

- Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Темирова Гулипа Мамыровнанын («Эл биримдиги» депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу өз арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат көп добуш алган кийинки талапкер Мырзасапарова Тумаркан Алишеровнага («Эл биримдиги» саясий партиясы) өткөрүлдү;

- Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңешинин депутаты Байтиков Марат Каныбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;

- Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Качиев Батыркул Эшембековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош  мандат кийинки талапкер Сыдыкова Динара Токтогуловнага өткөрүлдү;

- Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Мирзахамдамова Наргизахон Миркабиловнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат кийинки талапкер Раймжанова Гүлмирахан Кадырбековнага өткөрүлдү;

- Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин депутаты Авазова Айгүл Авазовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош мандат кийинки талапкер Балтабаева Канзадабү Муктаржановнага өткөрүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»