02:20, 19-март, 2026

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрага жана төрага орун басарлары алмашты

На русском
17:14, 18-март, 2026 790

АКИpress - 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында добуш берүү өтүп, бир катар комитеттин төрагалары жана төраганын орун басарлары шайланды.

Тиешелүү кызматтарга талапкерлерди көрсөтүү боюнча депутаттык топтордун чечимдери келип түштү.

Добуш берүү менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп депутат Гүлнара Акимбаева («Ынтымак-Ишеним» депутаттык тобунан) шайланды.

Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Бакыт Тентишев («Эл үмүтү-Ата Журт») шайланды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Кубанычбек Самаков («Ишеним») шайланды.

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы болуп депутат Ырысбек Атажанов («Ынтымак-Мекенчил») шайланды.

Ошондой эле комитеттердин төрага орун басарлары да шайланды.

Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп депутат Советбек Рустамбек уулу («Ынтымак-Мекенчил») шайланды.

Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы болуп депутат Нуржамал Төрөбекова («Ишеним») шайланды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп депутат Гүлшаркан Култаева («Ишеним») шайланды.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп депутат Жаныбек Аматов («Элдик») шайланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»