23:27, 18-март, 2026

Түркияда кыргызстандык жаран 12 жылдан бери паспорту жок жүрөт, - депутат

16:19, 18-март, 2026 440

АКИpress - Бүгүн, 18-мартта депутат Элвира Сурабалдиева Түркияда Кыргызстандын паспортун ала албай жүргөн жарандын маселесине көңүл бурууну суранды.

«2014-жылы Ош шаарынан Түркияга алдоо жолу менен сексуалдык кулчулукка барган Салтанат айым 12 жылдан бери шаардан шаарга жер которуп отуруп, аягында аялдарды коргоо борборуна барган экен. Аны аталган өлкөгө алдап алып барган аял деле кармалбаптыр.

Учурда паспорту жок жүрөт. Азыр үй-бүлөлүү, балдары бар экен. Сыртка чыга турган болсо паспорту жок болгондуктан эки күнгө гана атайын кагаз менен чыгат экен. Кыргыз жаранымын, жардам бергиле деп ыйлап кайрылып жатат. Паспорт алыш үчүн ал жаран ошол жактан Бишкекке келиши керек. Бирок колунда документтери болбогон жаран кантип Кыргызстанга келе алат? Өзгөчө кырдаал болгондуктан, өкмөт башчылыгына кайрылып, көзөмөлгө алып жараныбыздын маселесин чечип бериңиздер деп суранат элем», - деди ал.

Депутат төрагадан маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»