АКИpress - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин төрайымдыгына №24 округдан депутат Гүлнара Акимбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.
Учурда ал аталган комитеттин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келет.
Комитеттин жетекчисинин орду Курманкул Зулушев парламенттен кеткенден кийин бош калган.