АКИpress - Баңгизат сатуу менен алектенген шектүү кармалды, деп маалымдады ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы.
Март айында Ош шаарында 2004-жылы туулган Х.А. аттуу жаран ири көлөмдөгү гашишти сатууга шектелип кармалган.
Маалыматка ылайык, шектүү «Женго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун ишенимдүү адамы болгон. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында башка шектүүлөрдү аныктоо аракеттери көрүлүүдө.