12:32, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (142 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат
19:53, 18-март, 2026 (89 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
12:01, 19-март, 2026 (13 адам окуп жатат)
Дональд Трамп Иранга эскертүү берди

Бишкекте 1 млн долларлык алдамчылыкка шектелген адам кармалды

На русском
14:43, 18-март, 2026 653

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, ал 29 даана «Тойота Камри» жана 24 даана «Чанган» үлгүсүндөгү унааларды алып келүү үчүн 1 млн 87 миң 750 доллар төлөгөн. Бирок убада аткарылбай, алданып калган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1994-жылы туулган В.С. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган жарандын башка кылмыштарга да катышы болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккендерди же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (999) 10-27-07, 0 (706) 30-30-13 же 102.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»