АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-марттагы жалпы жыйында Улуттук банктын төрагасы кызматына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырышты.
Буга чейин ал каржы министри болуп иштеген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев Улуттук банктын төрагасы болуп турган Мелис Тургунбаев кызматтан өз каалоосу менен кетүү арызын жазганын билдирди.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакетаевдин талапкерлиги депутаттар тарабынан бир добуштан жактырылды.