18:33, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
14:45, 18-март, 2026 (41 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
12:11, 18-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Лейлекте депутат камакка алынды: Иштин чоо-жайы

Бишкекте «Азия Мол» соода борбору курчоого алынды

На русском
12:39, 18-март, 2026 721

АКИpress - Бишкекте «Азия Мол» соода жана оюн-зоок борборуна жарылуучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат «102» кызматына бүгүн, болжол менен саат 10:58де түшкөн. Окуя болгон жерге башкармалыктын жетекчилиги, ошондой эле тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп кетишкен.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, кардарлар жана кызматкерлер эвакуацияланууда.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Толук маалымат кийинчерээк берилет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»