18:13, 18-март, 2026

Парламент Алмаз Бакетаевдин Улуттук банктын төрагасы кызматына талапкерлигин жактырды

На русском
14:32, 18-март, 2026 479

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-марттагы жалпы жыйында Улуттук банктын төрагасы кызматына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырышты.

Буга чейин ал каржы министри болуп иштеген.

Бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев Улуттук банктын төрагасы болуп турган Мелис Тургунбаев кызматтан өз каалоосу менен кетүү арызын жазганын билдирди.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакетаевдин талапкерлиги депутаттар тарабынан бир добуштан жактырылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»