00:12, 19-март, 2026

Ирандагы атомдук электр станциясынын аймагына снаряд түштү

На русском
13:18, 18-март, 2026 537

АКИpress - Ирандын «Бушер» атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагына снаряд түштү. Бул тууралуу Ирандын Атом энергиясы уюму билдиргенин Tasnim агенттиги жазды.

Оор зыян жана жабыркагандар катталган эмес.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандан бул окуя тууралуу маалымат алгандыгын билдирди. Уюмдун башкы директору Рафаэл Гросси оор кесепеттүү кырсык болтурбоо үчүн жаңжал учурунда сабырдуу болууга чакырды.

«Росатомдун» башчысы Алексей Лихачев кескин айыптап, иштеп жаткан атомдук энергетика объекттерине жасалган соккуларды эл аралык коопсуздуктун негизги эрежелерине жана принциптерине оройлук менен көңүл бурбоо деп атады. 

Лихачевдун айтымында, АЭСтеги радиациялык фон нормалдуу. Станцияда 480гө жакын россиялык кызматкер бар жана персоналды эвакуациялоого даярдык каралууда.

«Бушер» — Иранда курулган биринчи атомдук электр станциясы. Анын курулушу 1975-жылы башталып, консервациядан кийин 1995-жылы «Росатомдун» катышуусунда гана жандандырылган. «Бушер» АЭСинин 1000 МВт кубаттуулуктагы биринчи энергоблогу Иранга 2013-жылы өткөрүлгөн. 2016-жылы экинчи энергоблоктун курулушу башталган.

«Бушерде» жаңы блокторду куруу боюнча келишимдин негизинде «Росатомдун» кызматкерлери иштейт. АКШ менен Израил Иранга сокку ура баштагандан кийин, россиялык корпорация өз кызматкерлерин чыгарып кете баштаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»