03:28, 20-март, 2026

Кыргызстан менен Беларус айдоочулук күбөлүктөрдү алмашуу боюнча макулдашышты

На русском
12:31, 18-март, 2026 312

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Беларустун ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу тууралуу макулдашуунун долбоорун жактырды.

2026-жылдын 27-февралындагы тескемеге ылайык, бул макулдашууга Министрлер кабинетинин атынан Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору кол коёт.

Документке ылайык, Кыргызстан менен Беларус бири-биринин жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн алмашууну тааныйт. Айдоочулук күбөлүктөрдү теориялык жана практикалык сынак тапшырбастан эле алмаштырууга болот. Бул макулдашууга тиркелген атайын шайкештик таблицасынын негизинде жүргүзүлөт.

Тараптардын биринде берилген жарактуу айдоочулук күбөлүгү бар жана экинчи өлкөдө жашоого уруксаты бар жарандар каалаган убакта тиешелүү органга кайрылып, өз күбөлүгүн ошол өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыра алышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»