АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы 18-марттагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бош калган мандаттарын берүү тууралуу токтом кабыл алды.
Мандаттар төмөнкүлөргө берилди:
• Ормонов Улугбек Зулпукарович – №10 шайлоо округу боюнча; (Курманкул Зулушевдин ордуна келди)
• Калбердиева Мавлюда – №11 шайлоо округу боюнча; (Шайырбек Ташиевдин ордуна келди)
• Чойбеков Бактыбек Каныбекович – №17 шайлоо округу боюнча; (Нурланбек Азыгалиевдин ордуна келди)
• Мурзакимова Алтынкүл – №29 шайлоо округу боюнча (Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна келди).
Алар Жогорку Кеңештин депутаттары болуп катталып, белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилерди алышты.