АКИpress - Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Улуттук банктын төрагасы кызматына Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин жактырды.
Буга чейин ал каржы министри кызматын аркалап келген.
Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев Улуттук банктын башчысы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирди.