02:20, 19-март, 2026

Жогорку Кеңеште комитет төрагалары кызматтарын тапшырууда

На русском
12:17, 18-март, 2026 1458

АКИpress - Жогорку Кеңештин бир нече комитетинин төрагалары кызматтарын тапшырып жатканын төрага Марлен Маматалиев бүгүн, 18-мартта өтүп жаткан жыйын учурунда маалымдады.

Анын айтымында:

  • депутат Бакыт Тентишев — агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасы, пайдалануу жана экология, айлана чөйрө коргоо боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордунан кетүү боюнча;
  • депутат Токтобүбү Ашымбаева — илим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордунан кетүү боюнча;
  • депутат Ырысбек Атажанов — эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан кетүү боюнча;
  • депутат Гүлнара Акимбаева — конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгынан кетүү боюнча;
  • депутат Кубанычбек Самаков — конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордунан кетүү боюнча;
  • депутат Гүлшаркан Култаева — илим берүү, илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан кетүү боюнча арыздарды жазган.

Маматалиев буга чейин эки комитеттин төрагасынын орду бош болгонун, эми калган бош орундар да бирге каралып, ротация жүрөрүн айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»