АКИpress - Кымыздын маркетингин жасай албай жатабыз, деди депутат Улукбек Узакбаев бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда.
«Суусамырда кымыз менен дарылоо өнүгүп жатат. Дүкөндөрдөн чет өлкөлүк кымыздарды алып ичүүдөбүз. Туризм департаменти комплекстүү ойлонуп, аракеттерди көрсө. Жай келе жатат, ошого чейин барып жеке ишкерлер менен жолугуп алардын планы менен таанышып, маселесин укса», - деди ал.