23:31, 18-март, 2026

Никеге туруудан мурун медициналык кароодон өтүү милдеттүү болушу керек, - министр

На русском
10:21, 18-март, 2026 558

АКИpress - 17-мартта Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда депутат Нуржамал Төрөбекова турмуш куруу алдындагы милдеттүү медициналык кароонун зарылдыгы тууралуу маселени көтөрдү.

Талкуу учурунда ал никеге туруу алдында милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүү демилгеси канчалык негиздүү экендигин сурады.

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов бул сунушту колдоп, зарыл деп эсептей турганын белгиледи.

«Бул абдан маанилүү маселе. Мен муну милдеттүү кылыш керек деп ойлойм», - деди ал.

Анын айтымында, эгерде никеге чейин эркек менен аялдын ден соолугунун абалы белгилүү болсо, бул ооруларды алдын ала аныктоого жана чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Мындай практика бир катар көйгөйлөрдүн, анын ичинде эненин ден соолугуна жана тубаса оорулардын тобокелдигин алдын алууга өбөлгө түзөт.

Талкуу учурунда депутат келечектеги жубайлардын бири оорулуу болсо, экинчиси эмдөөдөн өтсө, жугуштуу оорунун алдын алууга болобу деп тактады.

Министр мындай учурда жугуштуу оорунун тобокелдиги алдын алууга болорун тастыктады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»