АКИpress - Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Буга чейин бул кызматты Мирланбек Байгончоков аркалап келген, ал 17-мартта эмгек министринин орун басары болуп дайындалды.
Ал эми Иманалиев 2023-жылдын февралынан 2026-жылдын февралына чейин Манас шаарынын биринчи вице-мэри болуп эмгектенген.