АКИpress - 21-мартта борбордук «Ала-Тоо» аянтында масштабдуу майрамдык иш-чара өтөт.
Мэрия билдиргендей, саат 11:00дөн 22:00гө чейин майрамдык программа күтөт.
Бул жерде «Ордо» аттуу этномаданий боз үйлөр тигилип, анда Кыргыз Республикасынын ар кайсы этносторунун өкүлдөрү конокторду өздөрүнүн улуттук каада-салттары, жашоо-турмушу жана меймандостугу менен тааныштырышат.
Ошондой эле улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлө турган атайын аянтча уюштурулуп, каалоочулардын баары мелдештерге катыша алышат.
Майрамдын алкагында көргөзмөлөр да уюштурулат. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген усталар кол менен жасалган уникалдуу буюмдарын — улуттук зер буюмдарды, кийизден жасалган буюмдарды, килем, сувенир жана салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын сунушташат.
Майрамдык маанайды чоң концерт толуктайт.